www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Баткендеги кыйроо, оор жоготуулар баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. Сабак алабызбы? Мындан аркы кадамдарыбыз кандай болот? Мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элибиздин тынчтыгын сактоо жагынан кандай кеңеш берет элеңиз?

 -- Үч жолку төңкөрүштөн кийин тажиктер кол салды, эми бир төңкөрүш болсо, тажиктер эмес чукчалар деле басып алат. Мунун баары 30 жылда 30 саясатчы мамлекеттүүлүктү оюнчук кылып, “улак” тарткандай тартканында.

30 жыл башкарган бийликтегилердин “мамлекеттүүлүктү, чек араны, элди сактайлы, кубаттуу өлкө түзөлү” деп түбөлүктү эч ким ойлогон жок! Келген бийлик байлык топтоп, талап-тоноп, сатып-атып, качып кетип жатты!

Чек ара, күч органдарын таасирдүү кылбай, тескерисинче, өз бийлигин сакташ үчүн саясатта колдонуп, милициянын аброю кетти. Эми наалып отура бербей, баарын башынан оңдоо зарыл!

Миноборонага байрактар, танка, БТР, БМП, вертолет, истребителдерди алыш керек! Алдын ала чара көрөлү! Чек араны чечип, тосмо тосуп, чек арачыларды ошол жакка жашатыш керек. Ал жакта жашагандын баары чек арачы болуусу абзел.

Армияга келишим менен албай, мурдагыдай баары эки жыл кызмат кылган оң. Мектептерге мурдагыдай НВП сабагын киргизип, ГТО тапшырыш керек. Тажикстан Орто Азияда Украинанын ролун аткара баштады.

Бул өтө коркунучтуу абал, бизге эле эмес жалпы Орто Азияга, Өзбекстанга, тажиктердин өзүнө, Түркмөнстанга, Казакстанга Ооганстан аркылуу Россияга чейин киргенге аракет болот.

Украинадан, Орто Азиядан Россияга кол салуу болот, бул көп жылга созулат! Ошон үчүн Кудай “сактансаң сактайм” дейт, сактаналы!

Булак: Азия News гезити

Последние новости