www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасака провинциясына артиллериялык чабуул жасады. Бул тууралуу ТАСС жазды.
Сокку Абу Расейин аймагына карата болгон. Анын натыйжасында эки адам каза болуп, сегиз киши жаракат алган. Алардын арасында аялдар менен балдар да бар.
Буга чейин Сириянын тышкы иштер министри Фейсал Микдад өлкө Орусия, Иран жана Түркиянын катышуусу менен Астана процессин ишке ашат деп эсептей турганын билдирген. Мындан тышкары, Микдад Түркияны "Астана үчилтигинин" талаптарын олуттуураак кабыл алууга үндөдү.
Ал Орусия менен Иран Сириянын муктаждыктарын "абдан жакшы" билишээрин жана анын талаптарын колдой турганын баса белгиледи.
Түркиянын жоопкерсиздиги "биздин жалгыз көйгөйүбүз, бирок биз досторубуздун - орустар менен ирандыктардын аракеттери туура багытка бурулуп жатат деп ишенебиз", - деди.
Булак: NazarNews.kg