www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинаны өз алдынча мамлекет катары сактоо АКШнын планында жок экендигин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев "Известия" басылмасына берген маегинде билдирген.

Ал АКШга "кадыресе калкы деле жок, жаратылыш ресурстарын аябастан пайдаланып, иштете турган объект" гана зарылдыгын айткан.

"Мындай неонацисттик из менен Вашингтон Украинаны социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн, фашисттик маанайдагы кысымдан сырттан калка издеп, миллиондогон эл жапырт чыгып кете баштаган аймакка айлантып койду", — деген Патрушев.

 

Анын айтымына караганда, "Вашингтондун Украинада 30 жылдан бери уюштуруп келген чайпалтуусу калктын эки эсе кыскаруусуна алып келди".

"Ал эми бүгүн Ак үй Россия менен болгон согушту акыркы украиналык калганга чейин башын оорутпастан эле улантуу ниетинде. Анткен менен Украинаны өз алдынча мамлекет катары сактап калуу АКШнын планында жок", — деген Коопсуздук кеңештин катчысы.

Буга чейин Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Украина өлкөсү Европага да, АКШга да, Африка, Латын Америкасына, Россияга да керек эместигин, андыктан мамлекет катары жашоосун токтотот деген пикирин айткан.

Ал "катардагы америкалыктарга "Украинанын" эмне экендиги, ал "кайда жайгашкандыгы" маанилүү эмес экендигин, арбыны аны билбей тургандыктарын билдирген. "Ишинен сөзү көп саясатчылар санкциялык кампаниялардын арты менен өзүн пиар кылгысы келип жатканына" токтолгон. Алардан америкалыктар эртеби-кечпи "белгисиз болгон 404" деген мамлекет, "түшүнүксүз болгон Россиянын кайсы бир бөлүгү" үчүн ыңгайсыздыктарга чыдап, истеблишменттин эмне үчүн инфляцияны жөндөө, иш орундарын түзүү же штаттардагы кырсыктар боюнча иш алып барбаганын сурап алышарын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости