www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султанбаев АКШ Конгрессине катуу жооп берди

Президент Садыр Жапаровдун басма катчысы Эрбол Султанбаев АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана Мамлекеттик департаменттин «Азаттык» боюнча кайрылуусу боюнча билдирүү жазды.

"Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык" чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.

Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тийешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.

Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ.

Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл.

Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз", - деди Султанбаев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости