www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байден Нью-Йорк штатында бороондон улам өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу Ак үйдүн сайтында жазылат.

"Президент Байден бүгүн Нью-Йорк штатында өзгөчө кырдаал жарыялады жана 2022-жылдын 23-декабрында башталган катуу кышкы бороондон кийин өзгөчө кырдаалга жооп кайтаруу үчүн штаттык жана жергиликтүү аракеттерди толуктоо үчүн федералдык жардам көрсөтүүгө буйрук берди" деп айтылат билдирүүдө.

Байден өлкөнүн Ички коопсуздук департаментине жана АКШнын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча федералдык агенттигинин адистерине тургундарга жардам берүү аракетин көрүүгө уруксат берди.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Америка Кошмо Штаттарынын көп бөлүгүн кардуу бороон катоодо. Көптөгөн штаттарда температура рекорддук деңгээлге чейин төмөндөдү. Акыркы маалыматтар боюнча, 55 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости