www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарындагы бороондон каза болгон жарандардын саны өсүп жатат. «NBC» басылмасы 55 адам көз жумганын билдирди.

Маалыматка ылайык, адам өлүмү 12 штатта: Колорадо, Иллинойс, Канзас, Кентукки, Мичиган, Миссури, Небраска, Нью-Йорк, Огайо, Оклахома, Теннесси жана Висконсинде катталган.

Маркумдар жол кырсыктан же тоңуп калып көз жумушкан. Мисалы, Мичиган штатында 82 жаштагы кемпирдин сөөгү карылар үйүнүн алдында кар үстүндө жатканда табылган. Буга чейин синоптиктер бороон болорун, ал адам өмүрүнө коркунучтуу экенин эскертишкен.

Ошондой эле, АКШда 100 миңдеген адамдар электр энергиясыз калды. Аба каттамдары да үзгүлтүккө учурап жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости