www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26-декабрда УКМКнын кызматкерлери Сузак РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысын жана анын кол алдындагы 2 кызматкерди кармады.
УКМК билдиргендей, кармалгандар кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатышат.
Ушул жылы 9-декабрда Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндө 10 адамдан турган кылмыштуу топ курал-жарак колдонуу менен каракчылыкка барышкан. Анын кесепетинен Д.А. аттуу жаран бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн.
«Бирок Сузак РИИБдин кызматкерлери материалдар жетиштүү болсо дагы, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жүргөн жерин аныктоо жана аларды кармоо боюнча иш алып барган эмес. Милиция кызматкерлери кылмыштуу топтон ири суммада пара алышканы аныкталды. РИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдүн туугандары менен бир нече ирет жолугуп, кылмышты жашыруу үчүн канча акча алууга макул экенин айтышкан», - дейт УКМК.
Ошондой эле, милиция кызматкерлери колго түшкөн жарандардан уруксат кагазы жок травматикалык тапанчаны алып, бирок аны каттабастан, өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тапанча тинтүү учурунда Сузак РИИБдин ыкчам кызматкерлеринин кабинетинен табылган.
УКМК жогоруда айтылган кылмыштуу топтун 5 мүчөсүн кармады. Учурда топтун башка мүчөлөрүнүн жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер уланууда.
Булак: NazarNews.kg