www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пентагон АКШнын Украина жана Кытай боюнча жашыруун аскердик документтеринин ачыкка чыгышы тууралуу маалыматты текшерет. Бул тууралуу аталган башкармалыктан 8-апрелде билдиришкенин РИА Новости жазды.
«Министрлик азыр бул маселени иликтеп жатат, биз ага баа берип жатабыз», — деп айтылат маалыматта.
The New York Times гезити АКШнын улуттук чалгындоо кызматынын Украинадагы иштеринин чоо-жайын камтыган Пентагондун жашыруун документтеринин ачыкка чыкканын жазган. Белгиленгендей, 100гө жакын документти ачыкка чыккан. Аларда күтүлүп жаткан курал-жарактарды жеткирүү графиктеринин сүрөттөрү, аскерлердин жана батальондордун саны бар.
Булак: NazarNews.kg