www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылды эскерүү болуп жатат. Ошол убакта бийликте турган Убактылуу Өкмөт ар кимди киши өлтүргөн деп мажбурлаган. Бакиевдик бийлик Максим Бакиевдин демилгеси менен Секретариат уюштуруп башына Малеванаяны, орун басары кылып Султан Жумагуловду дайындайт. 2010-жылдан кийин Роза Отунбаева Башкы прокурор кылып дайындаган Кубат Байболов агынан жарылып маек берип жатат:
“Кубатбек Калбекович белгилүү юрист же Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты эмес, чыныгы генералдын сөзү менен айтыңызчы, Сизге башкы прокурор кызматын аркалап турган маалда, “7-апрель окуясы боюнча айыпталуучулардын кимдир бирөөсүнө биз айткандай айып тагасың” деп Ак үй тараптан мажбурлоо болду беле?
- Ооба, болгон. Мен башкы прокурор болуп турган убагымда, Ак үйгө чакырып төрт адамга “адам өлтүрүүгө катыштыгы бар”,- деген айыпты коюуга мажбурлашкан.
- Сыр болбосо кимдерге?
- Элмурза Сатыбалдиевге, Турсункулов, Жороев жана Малеванаяна төртөөнө. “Алардын кыймыл аракеттеринде мындай белгилер, адам өлтүрүүгө катыштыгы тууралуу материалдар жок. Ошондуктан мен андай айыпты тага албайм”,- деп баш тарткам. Болбой эле ал айыпты тагышты. Мына көрдүңөрбү айтылган беренелер боюнча ал адамдарды сот актап жиберди. Эгерде мен ошол учурда Ак үй, президент айтты эле деп макул болуп ошол айыпты таканымда юрист, прокурор, ал гана эмес адам катары азыр мен уят болмокмун”.
Кызыгы, Малеванаянын орун басары Султан Жумагулов учурунда “Азаттыкты” чапчып, анан ЭлТРди ээлеп, кийин КТРКнын башы болгону менен камокто майлап бүтѳ албай турганы эмнени түшүндүрѳт? Султан Жумагулов Монголияга барып арак ичип алып чатак чыгарганы өзүнчө кеп. Атамбаевге жакканы үчүн тез эле маданият министри болуп, ошол жактан келбес жакка узаган.
“Хамалеон” экс-президент Атамбаев Садыр Жапаровго өз мөөнөтү бүткүчө тынч иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек деп сүйлөй баштады. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелде 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын 13 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, президент тарабынан жасалып жаткан жакшы иштер аз эмес.
"Апрель элдик революциясынан кийин 13 жыл өттү. Кыргыз элинин эркиндиги үчүн өмүрүн берген баатырларга түбөлүк даңк. 2010-жылдын 6-7-апрелинде Бакиевдердин үй-бүлөлүк-кландык бийлигине каршы чыккан миңдеген мекендештерибизге терең таазим. Ошол күндөрү алар көкүрөгүн окко тосуп, бүтүн дүйнөгө кыргыздардын эрдигин жана азаттык, адилеттүлүк, элдин келечеги үчүн өмүрүн аябай тургандыгын көргөзүштү.
Бийлик ал күнгө чейин бир топ саясатчы, журналистти өлтүргөнүнө карабай, ошол күнү майданга чыккан эр жүрөк жарандарыбыз кыргыз элин коркутуп-үркүтүп башкарса болбойт деп далилдешти.
Апрель элдик революциясы өлкөдөгү чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болгон. Бул элдин, өзгөчө айыл жергесинде жашоо деңгээлинин жогорулашы. Улуттук экономиканын бекемдегени, энергетикалык кубаттуулуктун өсүшү, тынымсыз газ берүүнүн ишенимдүүлүгү. Жаңы жолдорду жана мектептерди активдүү оңдоо жана куруу мезгили. Биометриканы колдонуу менен шайлоо процессинин жаңы системасын түзүү чагы. Ошол эле кезде ал мезгил бир катар идеологиялык программаларды ишке ашыруу мезгили да болгон. Дал ошол жылдары Кыргызстан мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштү белгилеп, эркиндик үчүн курман болгондор алдында бир кылым бою элдин мойнунда оор жүк болуп келген ыйык парзын аткарды. Ошондой эле өлкөбүз дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгечиси жана уюштуруучусу болгон...
Тилекке каршы, 2018-жылдан баштап ошол кездеги бийлик апрель революциясынын жеңиштеринен артка чегинүүгө жол берген. Бирок, 2010-жылдын апрелинен убакыт бизди канчалык алыстатса, ал окуялардын өлкөнүн демократияга жана укуктук мамлекетке карай бет алууга мааниси канчалык зор болгондугун түшүнгөн жарандардын саны да ошончолук өсөт деп ишенем.
Мен президенттин айланасындагы айрым адамдар Бакиевдердин режимин актаганга, ошол заманга кайтууну каалап турганын көрдүм, жана Садыр Жапаров ошондо аларды колдобогонуна ыраазымын. Президент баарын өзү түшүнүп, өзү чечет деп ойлойм. Кыргызстанда ансыз деле көйгөйлөр абдан көп. Ар кандай көз караштар жана пикирлер бар. Бийликтин каталары жана кемчиликтери да бар. Бирок президент тарабынан жасалып жаткан жакшы иштер да аз эмес. Бул талашсыз. Ошондуктан президентке өз мөөнөтү бүткүчө тынч иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек деп эсептейм. Бирок, бир кеңеш берет элем өлкө башчыбызга: булар төңкөрүш, тигилер көтөрүлүш даярдап жатышат деп, же дагы бир башка болбогон шылтоо менен бейкүнөө адамдарга - саясатчы, ишкер, журналист жада калса блогерлерге кылмыш иштерин жок жерден ойлоп тапкандарга эч качан ишенбеш керек. Ушундай эргүлдөр президентке жакшы көрүнөм деп түз эле аңга алып барышат. Оппозиция - бул ар бир демократиялык мамлекетте өнүгүүнүн милдеттүү элементи экендигин унутпашыбыз керек. Президент менин каталарымды кайталабаш керек. Бул анын жана өлкөнүн аброюна көлөкө гана түшүрөт.
Кыргызстандын көп кылымдык тарыхы, эгемендүүлүктүн 32 жылы жана өзгөчө Апрель элдик революциясынан кийинки мезгил Кыргызстанда ийгиликтүү мамлекеттик башкаруу элдин ыктыярдуу биримдигинин шартында гана мүмкүн экендигин, ага карай жол демократия, бийлик менен жарандык коомдун, саясий партиялардын, көз карандысыз ЖМКлардын тыгыз өз ара аракеттенүүсү аркылуу боло тургандыгын далилдеди. Баарыбыз бириксек гана, 21-кылымдын көптөгөн кыйынчылыктарына туруштук бере алабыз.
Сөзүмдүн аягында, бүтүн кыргыз элиме жана өзгөчө 2010-жылдын 6-7-апрелинде каза болгондордун жакындарына, ошондой эле жарадар болгондорго чың ден соолук, узун өмүр, ийгиликтүү жана бакубат жашоо каалайм! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!", - деп жазылат кайрылууда.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg