www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын БУУдагы элчиси Кытайды геноцидге айыптады

АКШ Кытай бийлигин уйгурларга карата катаал мамилесин айыптап, аны "геноцид" жана "адамзатка каршы кылмыш" деп атады.

Бул тууралуу АКШнын элчиси Марк Кассайр Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинде сүйлөп жатып билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Бул айыптоого британ элчиси Жулиан Брейтуэй кошулду. Ал кытай бийлигинин мажбурлап иштетүү жана балдардын төрөлүшүнө көзөмөл ыкмасы жөнүндөгү маалыматтарга таянып сүйлөдү.

Америка жана британ элчилери Гонгонгдо “терроризм жана сырткы күчтөр менен көмүскө сүйлөшүүгө барган” деп камалган активисттерди бошотууга чакырды.

Кытайдын БУУдагы элчиси Чэнь Сюй айыптоолорго дароо жооп берип, Пекин адам укуктары темасын саясатташтырбоого каршы экенин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымдашынча, Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном району (ШУАР) аймагындагы жалпысынан 2 миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка жергиликтүү калайыктын - негизинен мусулманчылыкты карманган этностук топтордун өкүлдөрү убактылуу кармоо жайларында кармалып жатат.

Кытай бийлиги болсо бул лагерлердин абак жайы экендигин четке кагып, алар жөн гана террорго каршы кайра тарбиялоо жана адистикке үйрөтүү борборлору болуп саналат деп билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости