www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу билдирүү таратты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана негизги азык-түлүк товарларына ички азык-түлүк рыногундагы бааларды турукташтыруу максатында төмөнкү кадамдарды жасады:

– Кыргыз Республикасынан товарлардын айрым түрлөрүн ташууга (экспорт) тыюу салынды, мөөнөтү 2021-жылдын 8-июлуна чейин;

– ун чыгаруучу ишканаларга 10 айга 8 % менен жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө чечим кабыл алынды;

– БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен өлкөнүн беш районунун (Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы, Кочкор райондору) фермерлерине жалпы суммасы 144 174 АКШ долларына айыл чарба ресурстарын 24,5 тонна дизелдик отун, 133,9 тонна жер семирткич жана 70,16 тонна үрөн берүү жөнүндө макулдашууга жетишилди;

–  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу 3000 тонна көлөмдө кумшекер жана 1000 тонна көлөмдө өсүмдүк майын сатып алуу үчүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору иштелип чыкты;

– соода тармагын түзүү аркылуу соода-сатык иштерин жүргүзүүчү чарбалык субъектилер менен чарбалык өндүрүүчүлөрдүн жана азык-түлүк товарларын импорттоочулардын ортосунда Социалдык маанидеги товарлардын бааларын кармап туруу боюнча иш-чаралар жөнүндө макулдашуу түзүлдү, ал 2021-жылдын 9-мартында күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот.

Макулдашуунун предмети 4 түрдөгү азык-түлүктүн бааларын колдоп туруу боюнча чараларды кабыл алуу: күн карама майы (премиум сегментисиз), 1-сорттогу ун, кумшекер (таразалануучу), 1-сорттогу ундан жасалган нан. Товар ташуучулар жана сооданы уюмдары Макулдашууга кумшекердин жана нандын дүң жана чекене баасын белгилеп турууга, ошондой эле ташуучулар жана соода түйүндөрү үчүн 1-сорттогу ун жана өсүмдүк майына карата максималдуу мүмкүн болгон бааны белгилөөгө макулдашышты. 

Мындан тышкары ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана жарандарга азык-түлүк продуктуларын дүң баада жана ортомчусуз алууга шарттарды түзүү максатында Бишкек жана Ош шаарларында, облустук жана райондук борборлордо айыл чарба жарманкелери туруктуу негизде өткөрүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости