www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Түндүк Кореянын ракета сыноолоруна каршы Чыгыш Кытай деңизине жөнөткөнүн жарыялаган учак ташуучу кемеси USS Carl Vinsonдун терс багытты көздөй баратканы белгилүү болду.

Швециянын телеканалы SVTнин Американын басма сөзүнө таянып берген кабарында флотко Түндүк Кореяга карай багыт алуу буйругу берилгени жарыяланган убакта, учак ташуучу кемеси USS Carl Vinson жана флоттун бир бөлүгүнүн чындыгында терс багытты көздөй мурдатан пландалганы сыяктуу Австралия флоту менен бирге жүргүзүлө турган машыгууга катышуу үчүн Зонд кысыгынан өтүп Инд океанына чыкканы белгиленди.

Кабарларда USS Carl Vinsonдун өз фейсбук барагында Түндүк Кореядан 590 деңиз мили узактыктагы Жава аралы жана Индонезиянын Суматра аралындагы Зонд кысыгынан өтүп бараткандагы сүрөттөрү орун алганы белгиленген.

АКШнын Деңиз күчтөрү да 8-апрелде Батыш Тынч океанда даяр туруу жана кыр көрсөтүүсү үчүн чара көрүү максаттуу багытталган USS Carl Vinson учак ташуучу кемеси кызмат тобунун аймакка алдыдагы аптада жете турганы билдрилди.

АКШнын Тынч океан күчтөрү командирлигинин (PACOM) жарыясында USS Carl Vinson Сингапурдан Япон деңизине багыт алганы, саякаты убагында айрым портторго учураганы билдирилди.

Анда Сингапурдан чыккандан кийин Зонд кысыгы аркылуу Инд океанына бет алган Учак ташуучу кеме кызмат тобунун Австралиянын Түндүк Батыш жээгинде мурдатан пландалган бирим берүү машыктыруусун аяктаганы, андан соң 8-апрелде Батыш тынч океанга багыт алганы айтылды.

PACOM, Aegis ракеталык коргонуу систмеасына эгедер дестройер менен кошо бараткан USS Carl Vinson учак конуучу кеме кызмат тобуна 8-апрелде даяр туруу жана кыр көрсөтүүсү үчүн чара көрүү катары Батыш тынч океанга багыт алышы боюнча буйрук берилген.

АКШнын президенти Дональд Трамп да аймакка бир «флот» жөнөтүлгөнүн айткан болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости