www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ак-үйдүн" алдына ак жоолукчан энелер Садыр Жапаровдун жана кошо камалган жарандардын баш коргоо чарасын үй-камагына алмаштырып берүүлөрүн суранышып чыгышты. Чынында бул окуя жалпы энелердин жүрөгүн оорутуп тургандай. Эне жүрөгүн түшүнбөгөн бийлик өкүлдөрүнө сөз жок", - деген пикирин билдирди Руслан Бекназаров.

"Качпастан өзү келген Садыр Жапаровду жана тосуп алуу үчүн чыккан элди камап салуу орой мамиле деп эсептейм. Алардын баш коргоо чарасын үй-камагына алмаштырып коюп, тергөө ишин уланта беришкени туурараак болмок деген ойдомун. Бул бийлик саясатчылар бул жакта турсун ак жоолук салган энелерди да ойго салып, капалантып, жүрөгүн оорутту. Бир кездери Курманжан Датка апабыз, өзүнүн уулун кыргыз эл үчүн дарга тартканда, аттын башын бура тартып кеткендигин учурдагы бийлик бир эстеп койсо жакшы болоор эле. Тилекке каршы биз тарыхты унутуп, өткөндөн сабак албай, чоң катачылык кетирип жатабыз. Бул бизге муш болбосо экен", - деди Руслан Бекназаров. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости