www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШга 2024-жылы мусулман президент болчудай. Түбү сенегалдык Американын хип-хоп аткаруучусу Алиум Дамала Бадара Эйкон "Тиам" гезитине берген маегинде 2024-жылда өтө турган президенттик шайлоолорго ат салышаарын билдирди. Ал ошондой эле Сенегалдын туристтик шаарларында виртуалдык валюта базарын ачуу долбоорун уланта бере турганын кошумчалап кеткен.

Эйкон президент Джо Байденди сынга алып мындай деген: "Мен Американын учурдагы абалына тынчсызданам жана өлкөдө зордук-зомбулук күчөп жатканына жаным кейийт". Эйкон акыркы мезгилдерде Африка өлкөлөрүндө кайрымдуулук иштерин алып барууда жана ал жерлерде мектептерди, ооруканаларды курууда. Бул тууралуу ИКНА агенттиги News 24th маалымат порталына шилтеме берип маалымдады.

АКШ президенти Джо Байден Эйконду тоготкон деле жок,ага караганда ага Трамп коркунучтуурак. Ал инфляцияны азайтууга жардам бере турган мыйзамга кол койду.Мыйзам, атап айтканда, саламаттыкты сактоого, энергетикага кеткен чыгымдарды азайтуу, зыяндуу эмиссияларды азайтуу, салык реформасы жана тартыштыкты кыскартуу үчүн каралган.

Мисалы, таза энергияга жана электр унааларына өткөн үй-бүлөлөр жылына 1000 доллардан ашык каражатты үнөмдөй алышат. Америкалыктар жылуулук насосторун сатып алуу же күн батареяларын орнотуу үчүн жеңилдиктерге же салык кредиттерине ээ болуп, жылына 750 долларга чейин үнөмдөй алышат. Ошондой эле, жаңы же колдонулган электр унааларын сатып алууга стимулдар жылына 950 долларга чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, 15 пайыздык минималдуу корпоративдик киреше салыгы киргизилүүдө.

Август айынын аягында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы саламаттыкты сактоого, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жана инфляцияны кыскартууга 430 миллиард доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун кабыл алган. Инфляцияны кыскартуу боюнча мыйзам деп аталган мыйзам долбоорун колдоп 220 адам добуш берди, 207 конгрессмен каршы чыкты: аны бардык демократтар колдошту, республикачылардын баары каршы чыкты. Буга чейин бул демилгени Сенат жактырган.

Март айында керектөө бааларынын индекси – АКШда инфляциянын негизги көрсөткүчү – 8,5% өстү, бул 1981-жылдан берки эң жогорку деңгээл болду. Июнь айында керектөө баалары 9,1% га көтөрүлүп, акыркы 41 жылдагы эң жогорку чекке жетти. Ошондон кийин инфляция басаңдаган.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


 

 

Последние новости