www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алжирдеги 18-август күнү катталган ири токой өрттөрү кеминде 38 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Жүздөгөн жергиликтүү түтүнгө уугуп, дем алуусу начарлап, ондогон адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бүтүндөй зайтун бактары өрттөлүп, үй жана жапайы жаныбарлар кырылып калды.
Негизги соккуну Тунис менен чектеш Эль-Тарф провинциясы алды. Кургакчылык жана жогорку температура 48 градуска чейин жетип, өрт өчүрүүчүлөрдүн ишин бир топ кыйындатты.
Жергиликтүү маалымат каражаттары шаарга жакын жердеги автобуста сегиз киши күйүп каза болгонун кабарлады.
"Бул автобустун ичинде жети адам тирүүлөй өрттөнүп кетти. Жол тосулуп, качып кутула турган жер жок болчу. Жалын бүт аймакты каптады. Автобустун ичиндеги каза болгондордун арасында кичинекей балдар да болгон", - деп билдирди окуянын күбөсү Мохаммед.
Өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, Алжирдин түндүгүндө 39га жакын өрт чыкты жана ысык шамал дагы өрттүн чыгышына алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар бар.
Булак: NazarNews.kg