www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын президенти Владимир Путин менен 19-августта телефондон сүйлөштү.

Франциянын президентинин администрациясы кабарлагандай, Макрон Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) эксперттеринин миссиясын станцияга эртерээк жөнөтүүнү колдоду. Путин бул миссияга макулдугун билдирди.

Эммануэл Макрондун басма сөз кызматы эки президент бул теманы жакынкы күндөрү дагы талкуулай турганын кошумчалады.

Кремлдин маалыматы боюнча, сүйлөшүү Франциянын демилгеси менен өттү. Орус тарап ошондой эле сүйлөшүүдө Путин "БУУ менен Кызыл чырым уюмунун эксперттерин Еленовкадагы абакка чакырганын" билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости