www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто саунанын кароолчусу сабалып, кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жергиликтүү тургун кайрылган. Анын айтымында, 17-августта саат 4.30дар чамасында саунага 25 жаштагы үч адам келген. Алар кароолчунун сөзүнө агрессивдүү жооп берип, аны сабап салышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-«Бейбаштык» жана 131-«Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары 23 жаштагы А.Э. жана 25 жаштагы К.С. аттуу жарандар кармалды. Алардын айтымында, А.Э. Москвада кылмыш дүйнөсүндө "смотрящий" статусуна ээ.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости