www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Корица, жалбыз жана имбирь адамдын табитин азайтып, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, диетолог Дарья Русаковага шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Анын айтымында, кофеге корица кошуп ичкенде зат алмашуу тездеп, кандагы глюкозанын деңгээли жөнгө салынып, адамдын таттууну көп жегиси келбей калат.

"Ал эми жалбыз кошулган чай ичегилерди тазалоого жардам берет, ичтин катышын алдын алат. Имбирь холестеринди төмөндөтүүгө, зыяндуу заттарды организмден чыгарууга шарт түзөт. Мындай учурда адам бир топ убакытка чейин өзүн ток жүргөндөй сезет", — деди адис.

Дарыгер бул татымалдар туура тамактануу же активдүү жашоо образын сактаган учурда организмге эки эсе пайда алып келерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости