www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токаевдин Сочиге эмнеге барганы белгилүү болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 19-августта Сочиге барды. Аны Бочаров Ручейдин резиденциясында өлкөнүн президенти Владимир Путин кабыл алды.

Кремлдин басма сөз кызматы мурдараак маалымдагандай, жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду улантуу жана Орусия-Казакстан стратегиялык өнөктөштүгүн жана кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Мындан тышкары, Кремль кошумчалагандай, интеграциялык бирикмелердин, анын ичинде Казакстан быйыл төрагалык кылып жаткан КМШ алкагындагы эки тараптуу кызматташуу маселеси да талкууланат.

Казакстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Эске сала кетсек, Токаевдин Путин менен акыркы жолу ушул жылдын 17-июнунда Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда жолуккан. Форумда Токаев Донецк жана Луганск элдик республикаларын квазимамлекеттер деп атап, Казакстан алардын көз карандысыздыгын тааныбай турганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Казакстан Батыштын айрым санкцияларын колдоого даярданып жаткан: июлдун башында Казакстандын Каржы министрлиги санкциялык тизмеге кирген товарларды Орусия менен Беларуска жеткирүүгө тыюу салган буйруктун долбоорун коомдук талкууга жарыялаган. Бул тууралуу 6-июлда Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, азырынча эч кандай чечим жок экенин жана “өкмөттөр тынымсыз байланышта” деп билдирди. Андан кийин документти кабыл алуу тууралуу билдирүү болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости