www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эли көмүр жана алтын казылган жерлер калыбына келбегенине нааразы болуп, бул үчүн айыл өкмөт башчыны жумуштан алуу акциясына чыгышты. 

Нааразычылык акцияга 100дөй адам чыккан. Акциянын катышуучусу, айыл тургуну Айбек Шакеев кен казган компаниялар жерлерди казып, калыбына келтирбегендин кесепети жергиликтүүлөргө тийип жатканын айтат.

«Биздин айылда кум, көмүр, таш, алтын чыкчу кендер бар. Ал жерден ондогон ишкерлер кен казуу иштерин жүргүзүшөт. Бирок рекультивация болгон эмес. Анын айынан айыл тургундарынын малы аңга түшүп кетип, өлгөн учурлары байма-бай катталып жатат. Андан сырткары жайыт жердеги Кызыл китепке кирген бак-дарактарды да кыйып салышкан. Биз мына ушул көрүнүштөргө чыдай албай нааразы болуп, айыл өкмөттүн имаратына чогулуп, айыл өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылдык.

Кен казган ишкерлердин лицензиялары текшерилсин жана казылган жерлер калыбына келсин. Элдин талабы ушул эле», - деди айыл тургуну Айбек Шакеев.

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Санжар Мамытовдун айтымында, айыл өкмөттүн аймагында кен казууга жалпы 21 лицензия берилген.

«Кечээ күнү чогулган эл кен казып жаткан компаниялардын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышты. Чогулган эл менен район акими да жолугуп, маселени териштирерин айтты. Айыл өкмөт башчы 27-январдан тарта эмгек өргүүгө чыккан. Ушул тапта айыл аймакта 21 лицензия берилсе, анын ичинен бирөөсү алтын казууга, экөө таш казууга, калган 18 лицензия көмүр казууга берилген. Айыл аймактын жылдык бюджети 4,5 млн сом болсо, анын тең жарымынан көбү мына ушул кен казган компаниялардын салыгынын негизинде толукталат», - деди жооптуу катчы С.Мамытов.

Ак-Суу айыл аймагында 7054 адам жашайт. Айыл аймакта 3 айыл бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости