www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алкагындагы коронавируска каршы 10 миллион доза вакцина менен камсыздайт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэньбинь билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жызып чыгышты.

"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талабы боюнча Кытай COVAX механизмин (коронавируска каршы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча механизм)10 миллион доза вакцина менен камсыз кылууга даяр. Биз мындай кадамга өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өз убагында вакцина алып калышын жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жасап жаткан иштерин колдоо максатында барып жатабыз. Муну менен эл аралык коомчулуктун пандемияга каршы күрөшүүдө көмөкчү болоруна ишенип турабыз", - деген Ван Вэньбинь.

COVAX - Буткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун алкагындагы эл аралык механизм. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавируска каршы вакцина алууну жеңилдетүү максатында иштелип чыккан. Аталган эл аралык механизмге 190 өлкө кирет.

Буга чейин Кытай тарап өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга салым кошору маалымдалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости