www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профессионал бокстун легендалары, америкалык Майк Тайсон менен Эвандер Холифилд үчүнчү жолу беттешке чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Бул тууралуу The Sun маалымат булагына таянып eurosport.ru сайты жазды.

Маалым болгондой, акыркы жолу мушкерлер рингде 1997-жылы кездешкен.

Маалыматка ылайык, аларга Дубайдан сунуш келген. Беттеш да дал ошол жерде өтөрү болжолдонууда. Рингге чыккан ардагер боксчуларга ири суммадагы гонорар, экөөнө жалпысынан 200 миллион доллар төлөнөт.

Уюштуруучулар алдыдагы беттеш буга чейин өткөн Тайсон — Рой Жонс таймашынан да кызыктуу болорун белгилешүүдө.

Белгилей кетсек, 54 жашка чыккан Тайсон менен 52 жаштагы Жонстун беттеши 2020-жылдын ноябрь айында өтүп, тең чыгуу менен аяктаган.

Ушул тапта 58 жашты таяган Эвандер Холифилд буга чейин элдин көзүнчө оор салмактагы абсолюттук чемпион Майк Тайсонго чакырык таштаган.

Эске салсак, Холифилд акыркы жолу 2011-жылы даниялык Брайан Нильсен менен рингге чыгып, аны жеңип алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости