www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-декбарда Актөбө шаарында дайынсыз жоголгон төрт жаштагы Данил Ахуновдун сөөгү бүгүн, 30-декбарь күнү эртең менен табылды. Полициянын маалыматына караганда, бала шаршемби күнү балдар үйүнүн алдында жоголгон.

Аны издөө иштерине Улуттук гвардия тартылып, ыктыярчылар да жардам беришкен.

"Издөө иш-чараларынын жыйынтыгында жоголгон баланын сөөгү табылды. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Кылмышты жасоого шектелген киши кармалды жана убактылуу тергөө абагына киргизилди", - деди Актөбө облустук полиция департаметинин башчысынын орун басары Галым Байжанов.

"Жаш баланы өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жергиликтүү активисттердин маалыматына караганда, Данил апасыз чоңойгон. Апасы ата-энелик укугунан ажыратылган. Жергиликтүү ыктыярчылар бүгүн бала убактылуу жашап жаткан "Үмүт" балдар үйүнө гүл жана оюнчуктарды алып барууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости