www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент баштаган жетекчилердин кирешеси тууралуу маалымат жарыяланды.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы президент баш болгон бардык саясий кызматтагылардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады. Ага ылайык, президент Садыр Жапаров 2021-жылы 997 миң сом киреше тапкан. Документте Жапаровдун 0,6 гектар жерге ээ экени жазылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылы 1 000 471 сом киреше тапкан. Орун басарлары Адылбек Касымалиев 896 658,87 сом, Эдил Байсалов 4 172 468 сом тапкан. Мурдагы орун басарлары Арзыбек Кожошев 735 760 сом, Азиз Аалиев 242 963 133 сом (чыгашасы 23 733 333 сом болгон) киреше тапкан.

Парламент спикери Нурланбек Шакиев 2021-жылы 1 40819,26 сом тапкан.

Кыргызстандын мыйзамдарында саясий кызматтарды ээлегендер жыл сайын кирешеси, мал-мүлкү боюнча декларация тапшырат. Бирок буга чейинки декларациялык кампаниялардын жыйынтыгында өлкөдөгү эң бай делген аткаминерлердин айрымдары мүлктөрүн жашырып, кагаз жүзүндө кедей болуп чыкканы коомчулукта сын-пикирлерди жараткан.

Буга байланыштуу кыргыз бийлиги жогорку кызматкерлердин мүлктөрүнүн ачыктыгын камсыз кылуу боюнча бир катар демилгелер менен чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости