www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Красный Октябрь” айыл чарба кооперативинин өкүлдөрү адилеттик издеп, Садыр Жапаровга расмий кайрылуу жолдошту. Кооперативдин ишенимдүү өкүлү Б. Давлеталиевдин маалыматына ылайык, 2002-жылы оор карыз абалында турган чарбаны кайра жандандыруу максатында кооператив түзүлүп, ага 100дөн ашуун жер үлүш ээси мүчө болуп кирген. Бүгүнкү күндө кооператив өкүлдөрү өздөрүнүн укуктук маселелери боюнча мамлекет башчысынан жардам сурап кайрылышууда.

Кайрылууда белгиленгендей, кооперативдин жетекчиси Лев Николаевич Гольман 2002-жылы 11 млн 600 миң сом карызга баткан чарбаны кайра жандандырып, “Красный Октябрь” айыл чарба кооперативин түзгөн. Кооперативге 100дөн ашуун жаран өз үлүш жерлери менен мүчө болуп кирген.

Маалыматка ылайык, 2012-жылдын 14-ноябрында чет өлкөгө чыгып кеткен же дүйнөдөн өткөн кооператив мүчөлөрүнө таандык 80 жер үлүшүнүн негизинде жалпы 133 гектар жер тилкеси Беловодск айыл өкмөтүнө акт аркылуу өткөрүлгөн. Бирок кооператив өкүлдөрү бул жер тилкелери мыйзамдуу тартипте мамлекеттин балансына өткөрүлбөстөн, тиешелүү кызмат адамдары тарабынан жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып келгенин билдиришүүдө.

Ошондой эле 2014–2015-жылдары Москва райондук прокуратурасы тарабынан бир катар кылмыш иштери козголуп, кийин айрымдары кыскартылып же токтотулгандыгы айтылат. Кайрылууда кооперативге тиешелүү жер тилкелерине байланышкан иштер боюнча ортомчу катары көрсөтүлгөн жаран А. Абдылазимовго байланыштуу сот чечимдери чыккандыгы да белгиленген.

Атап айтканда, 2017-жылдын 5-июнунда Москва райондук соту тарабынан А. Абдылазимов кооперативге 400 миң сомго жакын чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилген. Бул чечим Чүй облустук соту жана кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан күчүндө калтырылган. Ошондой эле 2021-жылдын 27-январында Москва райондук сотунун өкүмү менен ага 30 миң сом айып пул салынган. Бирок көрсөтүлгөн суммалар бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй келе жатканы айтылат.

Мындан тышкары, кайрылууда Москва районунда үлүш жерлерге байланыштуу бир нече кылмыш иштери козголуп, айрымдары учурда сотто каралып жатканы маалымдалган. Кооператив өкүлдөрү дүйнөдөн өткөн же чет өлкөгө чыгып кеткен жарандардын үлүш жерлерин мамлекеттин карамагына кайтаруу маселесин көтөрүп келишкенин билдиришүүдө.

Кайрылуунун автору ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүнүн жана прокуратура органдарынын айрым кызмат адамдарына укуктук баа берүүнү жана мурда чыккан сот чечимдеринин аткарылышын камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Кайрылуунун соңунда кооператив өкүлдөрү Москва району боюнча үлүш жерлерге байланышкан иштер мыйзамдуу негизде кайра каралса, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, жер тилкелер мамлекетке кайтарыларына ишеним билдиришкен.

“Красный Октябрь” айыл чарба кооперативинин ишенимдүү өкүлү Б. Давлеталиев тергөөгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.

Кайрылуунун ээси, Байтик Давлеталиевдин байланыш номери: 709 150 749

 

      

Последние новости