www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бишкек жашыл курулуш» МИси гүл отургузуу иштерин баштады.
Быйыл 2 000 000 бир жылдык гүлдөр отургузулат. Жашылдандыруу үчүн ар түрдүү кооз гүлдөр колдонулат, алардын катарына тагетс, сальвия, агератум, катарантус, георгиндер, петуниялар жана колеустар кирет. Мындай кооздук жаз-жай мезгилинде кооз түстөргө бөлөп турат.
Гүл композициялары борбордук көчөлөрдү, парктарды, скверлерди жана шаардагы бардык гүлзарларды кооздоп, калаага көрктүү жана заманбап көрүнүш берет. Иштер шаардын төрт административдик районунда бир убакта башталып, адистер коомдук жайларды көрктөндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат.
«Бишкек жашыл курулуш» МИси шаар тургундарын жана конокторун отургузулган гүлдөргө аяр мамиле кылууга, гүлзарларды тебелебөөгө, үзбөөгө жана Бишкекти көрктөндүрүү үчүн күн сайын эмгектенген адистердин эмгегин урматтоого чакырат.