www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал гидроэлектр станциянын техникалык жабдылышын карап чыгып, аны модернизациялоо боюнча пландар менен таанышты.

Министрлер кабинетинин башчысы электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү өндүрүүнү камсыз кылуу жана натыйжалуу башкаруу максатында ГЭСти реконструкциялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, ал кубаттуулугу 100 МВт саналган Куланак ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышты.

Жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров ошондой эле "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунун да ишин көзөмөлдөдү.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айынан 31-октябрга чейинки аралыкта кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иштөө убактысы 2 саатка узартылган.

Маалымат үчүн: Ат-Башы ГЭСи 1970-жылы ишке киргизилген. ГЭСтин орточо жылдык кубаттуулугу – 115-150 млн кВт саатты, бекитилген кубаттуулугу 40 МВт түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости