www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхан Инанды 22 жылга эркинен ажыратылабы?

9-сентябрда Түркиянын баш калаасы Анкарада Кыргызстандан уурдалган теги түркиялык Орхан Инандынын кезектеги соту өттү.

Бул тууралуу "Хабертүрк" басылмасы билдирди.

Анда Инандынын адвокаты айыпталуучу колунан операция болгонун, андыктан отурумга келе албай калганын айтты.

Сот Абдуллах Көксал суракка чакырылган күбөлөр чет өлкөдө болгондуктан алардын көрсөтмөлөрү алынбай турганын билдирди.

Прокурордун бүтүмүндө Орхан Инанды дин ишмери Фетхуллах Гүлендин кыймылын террордук уюм катары тааныбаганын, уюмдун лидерин колдогонун жана ага тагылып жаткан айыптарды мойнуна албаганын жүйө келтирип, "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен соттон 15 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратууну суранды.

Сот айыпталуучуга жана анын жактоочусуна баш коргоо чарасын даярдоо үчүн отурумду белгисиз мөөнөткө жылдырганы белгилүү болду.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды өткөн жылы 1-июнда дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартканы мыйзамдуу экенин билдирген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине расмий Бишкектин күнөөсү бар экенин билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости