www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов сыртка сатылды делген 19 тонна алтынга байланыштуу суроо салып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон маалымат сурады.

Министрлер кабинетинин башчысы өкмөт жылдык отчетун берүү үчүн парламентке келээрин билдирди.

«Биз бир жылдык отчет менен Жогорку Кеңешке келебиз. Экинчи сессияда бизди чакырып, суроолорго жооп алууга сиздерде далай мүмкүнчүлүк болот. Алтын тууралуу сиздерге жооп берүүгө биз даярбыз.

Кээ бир жалпыга маалымдоо каражттарынын бизди уруштуруп, алтындын тегерегинде чыр чыгышына жол бербейбиз. Бизде алтын тууралуу так маалымат бар, алтын оюнчук эмес да», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости