www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда тойдон кайтып келе жаткан кичи автобус менен жүк ташуучу унаа кагылышып, кеминде сегиз киши каза болуп, тогуз киши жаракат алды. Бул тууралуу TRT телеканалы билдирди.

Кырсык 1-сентябрга караган түнү өлкөнүн түндүгүндөгү Сивас аймагында болгон.

Жергиликтүү бийликтер өлкөнүн батышындагы Бурса провинциясында тойдон келген Малатия шаарынын тургундарын ташып бараткан кичи автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышканын, анын себеби азырынча тактала электигин кабарлады.

Сивас шаарынын мэри доктор Йилмиз Шимшек 7 адам окуя болгон жерде каза болгонун, бир адам ооруканага жеткирилип жатканда каза болгонун, кичи автобустун тогуз жүргүнчүсү, анын ичинде эки бала оор жаракат алып, ооруканага жаткырылганын билдирди. 

Полиция окуянын себептерин иликтеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости