www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасынан ондогон бодо малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган факт катталганын билдирди. Ага ылайык, окуя Чүй облусуна караштуу Кемин районунун аймагында болгон. Алдын ала эсепке ылайык, кармалган малдын баасы 4,5 милилон сом деп эсептелген.

Буга чейин бодо мал аткезчилиги кыргыз-өзбек чек арасында да бир канча жолу катталган.

Чек ара кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 13-августта кыргыз-өзбек чек арасын бузуп, жети жылкыны айдап бараткан Кыргызстандын жараны кармалганын билдирген. Мындан көп өтпөй аталган облустагы Акы районунда Өзбекстанга жети бодо мал айдап бараткан дагы бир кыргызстандык колго түшкөн.

Талас облусунда 14-августа кыргыз-казак чек арасынан 17 баш бодо мал жүктөлгөн машина кармалган.

Чек арадагы контрабанданын айынан ок атылган, адам өлүмү менен аяктаган учурлар орун алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости