www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси (БУУ) Кытай бийлигин уйгурлардын жана башка басымдуу мусулман жамааттарынын укуктарын одоно бузуп жатат деп айыптады. Уюмдун сайтында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районунда (СУАР) адам укуктарынын одоно бузулушу тууралуу баяндама жарыяланды.
Отчет СУАРдын чындыгын билген 40 адамдын маалыматтарынын негизинде түзүлүп, анын ичинен 26 жаран «кайра тарбиялоо лагеринде» болгон.
БУУ бул топтордун өкүлдөрүн басмырлоо жана өзүм билемдик менен кармоонун масштабы адамзатка каршы кылмыштар менен салыштырууга болоорун белгиледи. Докладда ошондой эле «кыйноо же катаал мамиле» тууралуу билдирүүлөр, анын ичинде «мажбурлап дарылоо жана камакта кармоонун начар шарттары, ошондой эле сексуалдык жана гендердик зомбулуктун айрым учурлары боюнча билдирүүлөр ишенимдүү» деп айтылат.
Пекин бул уюмдун отчетун ойдон чыгарылган «фарс» деп атады.
Эске салсак, 2018-жылдын аягында Кытай бийликтери 10 миллиондон ашык түрк тектүү уйгур мусулмандары жашаган бул аймакта экстремизмге каршы күрөшүүчү «окуу борборлору» деп атап, «кайра тарбиялоо лагерлери» бар экенин расмий тааныган.
Булак: NazarNews.kg