www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Акылбек Жапаров чет өлкөлөрдө эс алып жүргөнү кабарланган. Эл арасында салыктагы коррупцияланган миллиарддар боюнча качан жооп берери айтылып, көпчүлүк күтүп жаткандай. Тилекке каршы, жакындары кызык кепти чаргытууда.
Акылбек Жапаровдо да компроматтар бар экени, эгер аны камаса Кумтөрдөн берки көп сырларды ачып салабы?
Ушул суроонун учугу менен бүйүр кызып, “мага тийсең балээге каласың” дегендей ишаратты эмнеге кылтыйтууда?
“Шибегени капка ката албайсың” дейт. Акыры баары ачыкталат эмеспи. Бирок экс-премьер-министрдин камырдан кыл сууругандай сыртка чыгып кетишине таңгалгандар арбын. Камакка алынган салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдуваповду түз көзөмөлдөгөн Акылбек Жапаров болсо, 3,2 миллиард сом уурдалганы маалымдалып атса, жоопкерчилик маселеси каралышы керек да, туурабы? А чет өлкөлөп кеткенине караганда, чын эле ишенгени “көзүрү” бар окшойт..., - деп жазат "АЗИЯnews" гезити.
Чындыгында калк арасында Акылбек Жапаровду мамлекеттен качып чыгып кетти, деген сөздөр тарай баштаган. Жапаров качып кетпей, жакында эле асмандагы чолпон жылдыздай жанып Куран окуткан жерден сөз сүйлөп, көз көрсөттү.
Эмне дейбиз, Акылбек мырза капталдан чыкса дагы алтын башы аман болуп, калк арасында калдайып жүрө берсин, калганын УКМК чечет!