www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы шайлоону өткөрүү боюнча эч кандай чечимдер Вашингтондо да, Москвада да кабыл алынбайт, деп билдирди РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
"Бул боюнча эч кандай чечимдер, албетте, Москвада да, Вашингтондо да кабыл алынбайт. Бул боюнча пикир алмашуу бар, бирок мындан ары өтүшү мүмкүн эмес", — деди Песков журналисттердин Украинадагы шайлоо ок атышууну токтоткондон кийинби же мурунбу өтүшү керек деген суроосуна жооп берип жатып.
Владимир Зеленскийдин ыйгарым укуктары 2024-жылдын 20-майында аяктаган. Украинадагы президенттик шайлоо ошол жылы аскердик абал жана жалпы мобилизацияга байланыштуу токтотулган.
Зеленский учурда шайлоо өткөрүү орунсуз экенин айткан.