www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында президенттик шайлоого расмий старт берилет. Аламан жарышка ким аттанары коомдо кызуу талкуулана баштады. Көмүскөдө тымызын даярдык көрүп жатат делген саясатчылардын арасында Акылбек Жапаровдун аты да атала баштады. Албетте, ал өзү президенттик шайлоого катышарын азырынча расмий жарыялай элек.
Бирок “жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, эл арасындагы күдүк кептердин күч алышы жөн жерден эмес сыяктуу. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү салмактуу саясатчылардын көбү ар кандай кылмыш иштери менен жоопко тартылып, шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышты. Ушундай шартта Жапаровдун “таза” бойдон калышы кокустукпу же алдын ала эсептелген саясий стратегиябы деген суроо жаралат.
Анын ысмы буга чейин да бир катар чуулгандуу иштерде аталып келген. Бирок ар дайым жоопкерчиликтен четтеп, “суудан кургак чыккандай” абалда калганы коомчулуктун эсинде.
Мындан улам, эгер Акылбек Жапаров президенттикке аттанса, бул эл үчүн мүмкүнчүлүкпү же коркунучпу деген суроо да күн тартибине чыгууда. Экономиканы түшүнгөн технократ катары аны колдогондор бар. Ошол эле учурда “жеңден кончко куюлгандай, алаканга токтобой сымаптай мөлтүлдөп сыйгаланган” мүнөзү көптөрдү чочутат.
Эгер ал чындап шайлоого кам көрүп жатса, анда коом алдында ачык чыга алабы? Анткени көмүскө даярдык элдин ишенимин эмес, тескерисинче күмөнүн гана күчөтөт.