www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси башталды.

Иш-чарага ШКУга мүчө тогуз өлкөнүн коргоо министрлери, Ирандын коргоо министринин орун басары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев катышууда.

Белгилей кетсек, кеңешмеге чейин эки тараптуу жолугушуулар өттү.

Маалымдама: Шанхай кызматташтык уюму – аймактык коопсуздукту бекемдөө максатында 1996-1997-жылдары түзүлгөн "Шанхай бешилтигинин" базасында 2001-жылы негизделген эл аралык түзүм. Ал Кыргызстан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларусту кошкондо 10 өлкөнү бириктирет.

Байкоочулар – Афганистан жана Монголия. Диалог боюнча өнөктөштөр – 15 мамлекет.

Последние новости