www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ мейкиндигинде коргоо кызматташтыгын жана жалпы коопсуздукту мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.