www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери менен видеоконференция түрүндө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, президенттин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо жана башка актуалдуу маселелер каралды.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер республика жетекчисинин чечимин толук аткарууга тийиш.
«Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик органдарынын негизги милдети – жаңы жумуш орундарын түзүү. Алардын ишмердүүлүгү ишенип берилген аймактардагы тазалык жана тартип, жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестиция тартуу, мамлекет башчынын жарлыктарынын жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышы сыяктуу KPI көрсөткүчтөрү боюнча бааланат. Аймактардагы төрөт үйлөрүнүн абалына, сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бургула. Биз мамлекеттик банктар аркылуу таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар сыяктуу бизнес-долбоорлорду биргелешип каржылоого даярбыз», - деди Акылбек Жапаров.
Булак: NazarNews.kg