www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров убадасына туруп, элибизди тентитеби?

Кабминдин төрагасы Акылбек Жапаров: "Элибизди эшелон-эшелон кылып чет өлкөгө жөнөтүш керек!" - деп бир кезде айткан убадасына туруп, алга, күчкө толгон жаштарыбызды чет өлкөгө тентитип, мандикер кылып жаткандай. Мунун акыры жакшы болбойт.

Бүгүнкү күндө Россия, Казакстан, Америка, Япония, Англия, Корея, Германия, Болгария, Сауд Арабиясы, Польша, Чехия, Латвия, Литва сыяктуу бир канча өлкөдө 2 миллиондон ашык кыргыз жаштары мандикер болуп жумуш кылып жүрөт. Өкмөт келишим түзүп, самолётко, вагонго салып, миңдеген жаштарды жөнөтүп жатат. 

Өкүнүчтүүсү, элибиз согушсуз тынч заманда, өз өлкөсүнөн иш таппай дүйнө кезип кетти. Кеткен жаштардын канчасы кайра Кыргызстанга кайрылат айтуу кыйын. Эки миллион элибизди (дээрлик баары кыргыздар) тентитип жиберишип, көлгө 700 миң адам жашаган шаар салып, кимдерге камдап жатабыз деген суроо туулат. 

Дегенибиз, экологиялык, климаттык катаклизмден улам, АКШ, Европа, Япония, Кытай, Араб, Индиянын олигархтары жер-шарты, аба-суусу таза жер издеп жатышат. Андай жердин бири Кыргызстан. 

Ошондуктан, климаттык, экологиялык катаклизмден оолак Кыргызстан сыяктуу аймактарга ээ болуш үчүн, алар эң алгач эмгекке жарамдуу жаштарды, жаш үй-бүлөлөрдү өз мекендеринен чыгаруу керек. Ансыз мүмкүн эмес. Демек, жергиликтүү улуттар бул жерлерде өздөрү жашагысы келбей кала турган абалды жаратуу керек. Бизде дал ушундай абал эмеспи? Сыртка чыгып кеткен жаштарыбыз өлкөгө кайтабы? Алар бошотуп кетип жаткан орунду кимдер ээлейт! 

Өкүнүчтүүсү, бир дагы завод курбай жалаң карыз, садака (грант) менен элди алдап, соолап "багуу" стратегиясы да жөн эмес окшойт... Өлкө карызы 5 миллиард доллардан ашты. Бир дагы ишкана курулган жок... Мигранттарды өлкөгө кайтармак тургай, калганын да "вагондоп" айдоо менен эле алекпиз. 

Мына "АКШга кетем" деп ээленгендердин эле саны 500 000 жеткени эмне деген шумдук! Болгондо да иш десе ишке, аш десе ашка тойбогон иштей турган жаштар! Мамлекеттин тиреги, каруусу, күчү ошолор эмеспи... Ал эми буга чейин кетип калгандарычы? Бир миллиондон ашыгы расмий атуулдугун чанып чыгып кеткен болсо, бир миллиондон ашыгы мигрант. Алардын ошол жакта төрөлгөн бала-чакаларын кошпогондо! Ал эми ошол жакта төрөлүп, окуп, чоңойгон балдары Кыргызстанга келмек тургай эч качан кыргыз болуп жашагысы келбей калат. 
Анан ошол балдарын таштап ата-энелери келмек беле...

Кудай анын бетин ары кылсын, кокус эптеп бирин-серин мал менен алаксып, тирилигин жүргүзүп жаткандардын малына жут, ылаң келип кырылып калчу болсо элестетип көргүлө... Алар башка эмне жумуш кылат?  Учурда жайыттар эрозияга учурап, чөп чыкпай мал багыш кыйын болуп баратат. Тоют маселеси чатак. 
Мына быйыл жаздан бери жаан жаабай, чөп чыкпай калды. Түштүк тарапта чабарга чөп жок деп жатышат. Чүйдө деле жакшы эмес. Жуттун желаргысы эмеле жүрө баштады. Кокус эле мал кырылчу болсо жаштарга вагон да таап үлгүрбөй калабыз го... Анда канттик? 

Кыскасы, Кыргызстандан чыгып кетип жаткан жаштардын агымын токтотуп, чет өлкөдө жер кезип жүргөндөрдү өлкөгө кайтаруу аракетин азыртадан көрбөсөк, кийин кеч болот. Бийлик, элибизди кайтарып келбей эле, тескерисинче, чет өлкөгө дүңүнөн жөнөтүп жатат... Туюктан чыкчу жол издейли...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости