www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаровду Брюсселге визит менен келип кетүүгө чакырды.

"Сиздин сапар Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы байланышты чыңдайт деп ишенем", - деди ал.

Кыргызстандын президенти чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, анын сунушун кубануу менен кабыл ала тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, тараптардын жолугушуусу Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости