www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөбүздөгү санаалуу олигархтардын бири Азамат Арапбаев деген бар. Кайсы бийлик келбесин ымала түзүп, коюн-колтук алышып кеткен жагынан кыйын.
Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун тилин таап, мыкты саясатчы болбосо дагы саясатта көптүн бири катары бизнесин калкалап жүрдү. Учурда Жапаровдордун жакын санаалашына айланды.
Эл ичинде Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы кыймылдуу-кыймылсыз мүлктөрүн сатты деген кептер көптөн бери айтылып келе жатпайбы? Мына ошол Жапаровдун борбордун чок ортосунда жайгашкан көп кабаттуу "Дамас" мейманкансын дал ушул Азамат Арапбаев сатып алган дешти.
Алсын, "эбин тапкан эки жейт" демекчи, ити чөп жеген доор дайыма эле Акылбекти айланчыктап турмак беле?
Булак: NazarNews.kg