www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев мамлекетке 130 миллион сом зыян келтирген деген айып менен эки айга камалган иште Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин дагы кулагы чыга турган өңдөнүп калды. Себеби, Самаевдин жыландын башын кылтыйткан сөзүнө караганда коррупция жыттанган схеманын түбү барып азыркы министр Амангелдиевге барып такалып жатат. Анткени Самаев өз сөзүндө: "2018-жылы жылуулукка кошулган үйлөр экен. Менин кандай күнөөм бар?", - деп капка катылган шибеге Амангелдиев Токмокто мэр болуп иштеп турган мезгилде болгонун айтып жатат.
Демек, эми баары ачык айкын иликтенсе, мыйзамсыз жылуулукка кошулган үйлөр кимдин учурунда орун алганы калкып чыкканы турат. Акыйкат иликтөө жүрсө, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгон Амангелдиевдин төбөсү сорок деп чыкчу жерде. Сыягы, азыр сүттөн актай көрүнүп билмексен болгон менен эртедир-кечтир жоопкерчилик маселеси козоло турганы бештен белгилүү десек жарашат. Мыйзамдын укуругу узун демекчи, ал күн да алыс эместей...
Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу анын тарапкерлери билдирди. Ырастоону талап кылган маалыматтарга караганда, мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту тергөө менен келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом зыян төлөп бергенден кийин чыгарган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору кырдаал боюнча комментарий бере элек. Токмок шаарынын мэри 17-апрелде кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, чиновник «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга катышы бар.
Коррупцияга шектелип УКМК тарабынан Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалганы негедир бийлик тарапта жылма тиреш бардыгына ачык мисал экени социалдык тармактарда сөз болуп жатат. Азыр коомдогу айтылып жаткан сөздөр боюнча, бир тарапта Башкы прокурор Курманкул Зулушев болсо, экинчи тарапта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев болуп тиреш катуу жүрүп жатат дешүүдө. «Айран ичкен кутулат, челек жалаган тутулат» болуп ортодо бул тирешке тиешеси бар «чиништерге» катуу тийүүдө. Алдына ала маалыматка караганда, Самаев “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында аныкталган коррупциялык иштерге катыштыгы бар делип кармалган.
Белгилей кетсек, УКМК тарабынан “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 130 млн сомдон ашат. Бийликтин эки тизгин бир чылбырын кармаган эки достун арасында пикир келишпестик, таасир талашуу күн өткөн сайын өөрчүп жатканы коомчулукта кеңири талкууланууда. Мындан улам, экөөнүн таасир талашканын объектиси катары кадрдык өзгөрүүлөрдүн орун алышы аргумент катары айтылууда. Өткөн жумаларда эле иштен алынышкан Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов менен биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун бири-бири менен болгон тиреши, таасир талашкан интригасы да, эки достун тирешинен чыккан маселе деген талкууга жем таштаган болчу.
Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалганы тууралуу УКМК маалымат берип, аны кармоо учурундагы сүрөттөрдү таратты. Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында Токмок шаарынын мэри У.Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды.
Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган. 2023-жылдын 17-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg