www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акаев учурундагы карьерасы
Акылбек Жапаровдун саясий карьерасы Аскар Акаевдин президенттигинин башталышына туш келет. Ал учурда Социал-демократтар партиясынын (СДПК) штаб жетекчиси болуп, Жогорку Кеңештин депутаты катары кызмат өтөгөн. Бул убакта ал негизинен партиялык иштерге жана парламенттик дебаттарга активдүү катышкан.
Ошол жылдары Жапаровдун чет өлкөгө жасаган иш сапарлары коомчулукта ар кандай талкуу жараткан. Болуп өткөн окуя коомчулукта чоң резонанс жараткан менен ачыкка чыккан эмес.
Ошондой эле, ошол убакытта Жапаровдун саясий позициялары Акаевдин бийлигинин саясий структурасына ылайык келген, ал өзүнүн партиялаштары жана жердештери менен күрөшүүдө активдүү роль ойногон. Мисалы, Усубалиев сыяктуу айрым саясатчылар менен болгон мамилеси кээде кысымга жана конфликттерге алып келген.
Бакиев жана Атамбаев тушундагы кызматтары
Курманбек Бакиевдин президенттик мөөнөтүндө Жапаров каржы министри, экономика министри жана биринчи вице-премьер катары кызмат өтөгөн. Ал ошол мезгилде экономикалык реформаларга жана мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоого катышкан. Андан сырткары, анын паспорттоштуруу маселеси дагы активдүү болгон.
Атамбаевдин президенттиги учурунда Жапаров кайрадан каржы министри болуп дайындалып, мамлекеттик финансыларды башкарууда өз таасирин көрсөткөн. Ал учурда айлык төлөмдөрдү көтөрүү демилгеси менен чыгып, экономикалык туруксуздукка каршы күрөшүүдө активдүү роль ойногон.
Бул кызматтарда анын ишмердүүлүгү ар кандай бааланып, кээ бирлер ага ишенимдүү адис катары караса, башкалар мамлекеттик финансы маселелеринде кемчиликтерди белгилешкен.
Жээнбеков жана Садыр Жапаров учуру
Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтүндө, Акылбек Жапаров Кытай менен дипломатиялык жана экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган иштерди жүргүзгөн. Ал өзгөчө Кыргызстанга кредиттерди тартууга умтулган. Бул кредиттик жардам мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу максатында каралган, бирок анын натыйжалары жана узак мөөнөттүү таасири коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып келет.
Садыр Жапаровдун президенттигинде Акылбек Жапаров каржы министри жана өкмөт башчысы болуп үчүнчү ирет дайындалган. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын мамлекеттик резиденцияга чогултуп, депутаттар менен байланыштарды чыңдоону максат кылган. Бул анын саясий таасирин жана кызматтык абалын бекемдеген учур болуп эсептелет. Эмнегедир бул бийлик менен кызматташуусу элге жага берген жок, кызматта көпкө сый тапкан жок.
Саясий сын-пикирлер жана сындар
Акылбек Жапаровдун саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу коомдо жана медиада көптөгөн сын-пикирлер айтылып келет. Ал өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө активдүү ролду ойногону менен, айрым учурларда коррупцияга жана саясий кызыкчылыктарга байланыштуу сынга кабылган.
Жеке мүнөзү жана коомчулуктагы кабыл алынышы
Акылбек Жапаровдун жеке мүнөзү коомчулукта ар кандай кабыл алынат. Айрымдар аны өз милдетин так аткарган компетенттүү лидер катары бааласа, башкалар кээ бир жагдайларга таяп, жарга такашат.
Коомдук пикирде анын саясий мансабынын ийгиликтери менен катар мамлекеттик кызматта иштеп эң байлардын алдыңкы сабына киргендигин айтышат. Акылбек Жапаровдун байлыгы азырынча коомчулукка ачыкка чыкпаганы менен баарыбызга белгилүү. Такталбаган маалыматтарга таянсак ачыкка чыкпаганы менен азыркынын тили менен айтканда жашыруун "кусту" деген маалыматтар таркалган.
Чынында Акылбек Жапаров билген көп сырды бери жактагылар биле бербейт. Ал бирөөгө жек көрүнгүсү келбейт, бирок кимдир бирөөнү башкалардын колу менен кыя чапканды жакшы көрөт. Албетте, президент боломун, деген кыялдары бар.
Азизбек Келдибеков, NazarNews