www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Адахан Мадумаров баш прокурор Курманкул Зулушевдин ага каршы сунушу күтүүсүз болгонун журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, билдирүүгө үч мүнөт калганда спикер Шакиев аны менен чай ичүүнү каалап жатканын, бир нерсе айткысы келип жатканын айтышкан.

"Мен мындай сунуштарды кабыл албайм, чай ичпейм. Анда жарыя кылам деди. Мен каалаганыңды кыл деп жооп бердим. Бирок мындай сунуш түшөөрүн таптакыр билген эмесмин", - деди Мадумаров.

Бул айыптоо акылга сыйбайт. Алардын ою боюнча дайыма Конституцияны аткарууга чакырган адам Конституцияга каршы аракеттерди көрүп жатыптыр. Бул жомок! Мен аларга тынчтык бербегенимди түшүнөм, ошондуктан болуп жатат бардыгы. Мен ар дайым айтып келгем, кандай гана иш болбосун Конституциянын алкагында болушу керек деп», - деди А.Мадумаров.

Эске салсак, бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңешке башкы прокурор Курманкул Зулушевден депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу түшкөн.

Мадумаров бийликти күч менен басып алуу, кылмышка даярдык көрүү, башаламандык уюштурууга айыпталып жатат.

Билдирүүнү карап чыгуу үчүн комиссия түзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости