www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган маселе боюнча парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев кайрылган. Маселени кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирген.

Эскерте кетсек, бүгүн, 31-майда парламенттин жыйынында төрага Нурлан Шакиев депутат Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден кайрылуу келип түшкөнүн билдирген.

Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык баш аламандыктарга даярдык көрүү), 36-326-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү), 338-берене 3-бөлүгү (Бийликтен аша чабуу) боюнча айып тагылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости