www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын профессору Айнура Жоробековага сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу аталган окуу жай билдирди.

Дипакадемияда Жоробекованын Россиядагы форумда сүйлөгөн сөзү боюнча чогулуш өтүп, окуу жайдын кызматкерлерине пикир билдирүүдө Тышкы иштер министрлигинин расмий позициясынан чыкпоо керектиги эскертилди.

Жоробекова форумда орус тилинин Борбор Азиядагы абалы, орус диаспорасына кысым көрсөтүлүп жатканы боюнча маселе көтөрүлгөнүн белгиледи. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлү катары сүйлөгөн.

«Кыргызстанда орус тилинин абалы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы экенин айттым. Бир гана бизде орус тили расмий тил макамына ээ, бул макам Конституция менен бекитилген. Жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн 90 пайыз аймагында орус тилинде да маалымат таратышат. Мен өз сөзүмдө көпчүлүк биле бербеген «улуттук крокодилдер» деген терминди колдонуп ката кетирдим. Бул термин эксперттер арасында колдонулат жана ал улуттар аралык кастыкты козуткан адамдардын тобуна карата айтылат. Мен бул термин коомчулукта ушунчалык терс пикир жаратканына өкүнүп жатам», - деди Жоробекова.

Ал кыргыз тилин кемсинтүү ниети болбогонун кошумчалады. Дипакадемиянын ректору Чынара Адамкулова А.Жоробековага сөгүш жарыялады.

Жоробекова 1967-жылы туулган. Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Кыргыз улуттук университети, Кыргыз-Россия Славян университети, «Ала-Тоо» эл аралык университети, Борбор Азия эл аралык университетинде иштеген. 2014-жылдан бери Дипакадемиянын эл аралык мамиле жана укук кафедрасын башкарып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости