www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Politico басылмасы «Россиянын таасири» жөнүндөгү Мыйзамдан улам Польшада жарандык согушу чыгып кетиши мүмкүн» экендигин жазды. 

Баяндамачы Войцех Косьтун жазганына караганда «Кремлдин тыңчыларын жоготуу» деген идеяны бетке кармоо менен Польшанын президенти Анджей Дуда түзүлгөн комиссияны өзүнүн саясый атаандаштарын куугунтуктаганга пайдаланышы мүмкүн. Мындай куугунтук биринчи кезекте мурдагы премьер-министр, польшалык оппозициянын лидери Дональд Тускка колдонулуп калышы мүмкүндүгүн» жашырбайт.  

Журналисттин белгилөөсүндө «ушул жылдын октябрь айына белгиленген чечүүчү парламенттик шайлоодо мындай куугунтук өзгөчө кырдаалды жаратат. Ал эми анын кесепети жарандык согушка кептейт».  

Мындан тышкары Politico басылмасы «Польша 2050» партиясынын башчысы Шимон Головнинин «Президент Анджей Дуда бүгүнкү күндө биздин өлкөнү мамлекеттин ичинде да сыртында олуттуу алсыратты. Ал Польшада жарандык согушту чыгаруу чечимине келген экен» деген сөзүн да колдонушкан.  
Жуманын башында президент Анджей Дуда «Польшанын ички коопсуздугун камсыздоо максатында 2007-2022-жылдарда «Россиянын таасирин» аныктоо боюнча комиссия түзүу туурасында Мыйзамга кол койгон». 

Комиссиянын милдетине «расмий адамдардын үчүнчү тараптарга маалымат берүүсүндө, келишимдерди түзүүдө, мамлекеттик каражаттарды колдонууда, административдик чечимдерди кабыл алуудагы аракеттерди анализдөө» кирет.  

Бул мыйзамга каршы польшалык оппозиция чечкиндүү каршы чыкты. Алардын дооматы «комиссиянын ишмердигине бир эле мезгилде атайын кызматтардын, прокуратуранын жана соттун ролу берилип калган. Бул ишмердик быйыл күз айларында белгиленген парламенттик шайлоодо оппозицияга бут тосуу» катары мүнөздөшкөн.   

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости