www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын кайра шайланган президенти Тайип Эрдогандын инаугурация аземи 3-июнь, ишемби күнү болушу мүмкүн, деп билдирди президенттин кеңешчиси Мехмет Учум Твиттерде.

«Эгер Жогорку шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын 1-июнда жарыяласа, инаугурация аземи 3-июнда Анкарада өтүп, ошол эле күнү Эрдоган жаңы өкмөттүн тизмесин жарыялайт.», — деп жазган Учум.

Түркиянын кайра шайланган президентинин инаугурациясына катыша турган чет элдик лидерлердин тизмеси тактала элек, тактоо иштери жүрүп жатат, каалоочулар көп экенин бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик мурда билдирген. .

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган жеңишке жетти. Ага шайлоочулардын 52% добуш берген. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу 48% добуш алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости