www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Акылман” президенттик лицейине педагогикалык жогорку билими бар, тажрыйбалуу, STEM предметтери боюнча англис тилин билген 22 мугалим тандалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алардын төртөө чет өлкөлүк мугалимдер. Педагогикалык курам республика боюнча конкурстук негизде тандалды.

Президенттик лицей Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу, алардын илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргызстандын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү максатында уюштурулду.

“Акылман” президенттик лицейинин педагогикалык курамы бул шитемеде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости