www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акын, обончу Аскат Жетиген абактан бошотулуп, эркиндикке чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
Акындын журналисттерге билдиргени боюнча, аны 19-августта саат 7:30 чамасында жаза өтөө мекемесинин кызматкерлери автоунаа менен алып келип, Курманжан датка көчөсүнүн Чоң Чүй каналы менен кесилишине калтырып кеткен. Акын ошол жерден жакындары менен жолукту.
Мурдараак укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына акынды тосуп алуу үчүн барган жакындары, адвокаты аны жаза өтөөчү мекемеден таппай калышканын жазган.
"Аскаттын адвокаты жана жакындары саат 8:30да аны тосуп алуу үчүн жаза өтөө мекемесинин алдына барышкан. Бирок аларга акынды мекеменин башчысы 19-августта эртең менен эрте өзүнүн автоунаасына салып кеткенин билдиришкен", - деп жазды укук коргоочу.
Эске салсак, Аскат Жетиген 2024-жылдын март айында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандыктарга чакырыктар») жана 327-беренеси («Бийликти басып алууга ачык чакырыктар») боюнча айып тагылган.
2024-жылдын 20-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны тергөө абагына камакка алган.
Кийин 2024-жылдын 1-июлунда Бишкектин Свердлов райондук соту Аскат Жетигенди 278-берене боюнча актап, 327-берене боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан. 17-октябрда Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. Ал эми 2025-жылдын 18-мартында Жогорку сот өкүмдү акыркы инстанция катары күчүндө калтырган.